№26, №63, №17, №35, №67 жана №24- мектептери карантинден чыгып, окуу процессин оффлайн режиминде баштады.
3- майга карата 10 мектеп аралыктан окутууну улантууда, булар: №11, №12, №65, №33, №62, №64 жана №88 мектептер.
Мындан тышкары, 25 класс аралыктан билим алып, мектептер өз ишин улантууда.
2068 окуучунун ата-энеси аралыктан билим алуу тууралуу арыздарын калтырышты.
Урматтуу шаардыктар! Ар бириңиздерден санитардык нормаларды сактоону суранабыз: беткап тагынып, жеке гигиенаны сактаңыздар, антисептик каражаттарын колдонуп, аралыкты сактап, коомдук жайларга баруудан баш тартыңыздар. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!