Борбор калаанын мэриясы Улуу Ата Мекендик согуштагы (Экинчи Дүйнөлүк Согуш) Жеңиштин 76 жылдыгына карата уюштурулган эл аралык "Эскерүү багы" акциясын колдоду.

Борбор калаанын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева №7 "Жетиген" балдар бакчасынын аймагына  кайың жана липа көчөттөрүн, ал эми шаардын коомдук транспорт жана муниципалдык менчик боюнча вице-мэри Русланбек Акылбеков шаардыктар менен биргеликте «Учкун» жаңы конушундагы №89 орто мектептин аймагына 20дан ашык кызыл клен, липа жана сирень көчөттөрүн отургузушту.

Эскерте кетсек, “Эскерүү багы” акциясына биринчи болуп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышып, Бишкек шаарындагы Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо адистештирилген борборунун (Балдар үйүнө) аймагына көчөт отургузган.

С.Жапаров бардык мамлекеттик структуралардын жетекчилерин жана кызматкерлерин, жергиликтүү бийлик органдарын жана өлкөнүн жөнөкөй жарандарын бул акцияга катышууга, ата-бабаларынын элесине таазим кылууга, ошондой эле аймактарды жашылдандырууга салым кошууга чакырды.