Урматтуу шаардыктар! Биздин "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын эмгекчил кызматкерлери бир жылдык гүлдөрдү отургузууну башташты.
Так ушул тапта "Бишкекжашылчарбанын" кызматкерлери агератум, сальвиянын бир нече түрүн, тагетелерди, ошондой эле георгина жана цинерарии гүлдөрүн отургузууда.
Белгилей кетсек, быйыл борбор калаадагы гүлзарларда 1,5 миллиондон ашык бир жылдык гүлдөр гүл ачат. Борбор калаада май айына гүлдөрдүн ачык түстөрүнүн гүлдөшүн күтсө болот, жайдын башында шаарда 32 түр гүлдөр шаарга көрк кошот.
Борбор калаадагы гүлзарлардын дизайны гүлдөрдүн композициясына жана көркөм чечимине ылайык иштелип чыккан.