Урматтуу шаардыктар! 2-майдан 9-майга чейин шаардык муз тебүү аянтчасында Бишкек шаарынын "Алтын шайба" хоккей боюнча ачык чемпионатынын үчүнчү айлампасы өтөт.
Эл аралык мелдешке Өзбекстандан "Бинокур", Казакстандан "Стрижи" жана "Рахимжан" хоккей клубунун командалары, борбор калаанын "Алга", "Локомотив", "Тянь-Шань карышкырлары", "Кеңеш учкучтары" командалары, ошондой эле Нарындын "Нарын шумкарлары" жана Ысык-Көлдөн кыздардан турган "Шапак" командалары катышат.
Балдар жана кыздар үч жаш категориясы боюнча күч сынашат:
• 2007-жылы туулган жана андан кичүү;
• 2009-жылы туулган жана андан кичүү;
• 2012-жылы туулган жана андан кичүү.
Турнирдин уюштуруучулары - Бишкек шаардык мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Хоккей Федерациясы, жаш хоккейчилердин ата-энелеринин колдоосу менен өткөрүлөт.
Өткөрүү дареги: “Шаардык муз тебүү аянтчасы”, Виноградная көчөсү, 1/3.