Шаар ишин улантууда. Коммуналдык кызматтар 2021-2022- жылдын жылытуу мезгилине күжүрмөн даярданууда.

Мектептерди жана бала бакчаларды жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын буу казандары графикке ылайык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө.

Учурда буу казандар тазаланып, насостор, клапандар, электр жабдуулары, приборлор жана автоматикасы реконструкцияланып оңдолууда.

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иш-чаралары ишкананын директору Байымбет Байгараевдин көзөмөлү астында улантылууда.