Шаардын вице-мэри Руслан Акылбеков транспорт ишканаларынын кызматкерлери, төрт райондун акимдери, мамлекеттик салык кызмат башкармалыгынын, коопсуздук кызматынын жана Бишкек шаарынын ШИИБ кызматкерлери менен транспорт маселеси боюнча жыйын өткөрдү.
Транспорт жаатындагы кырдаал талкууланды. Эске салсак, массалык-маалымат каражаттарында 3-майда кичиавтобустардын айдоочулары иш таштап, каттамга чыкпай тургандыктары тууралуу маалымат пайда болгон.
Бишкек шаарынын ШИИБ начальниги Азамат Ногойбаев бул кырдаалга көзөмөл жүргүзүлүп, дүрбөлөңдү (саботаж) уюштуруучулар аныкталып жаткандыгын билдирди. Укук коргоочу органдар шаардык транспорт башкармалыгы менен биргеликте жеке ташуучу фирмалардын жетекчилери менен транспорттун ишин үзгүлтүккө учуратпоо жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүрүгүзүп жатышат.
Кызыктар болгон үчүнчү жактар кырдаалды атайын курчутуп жаткандыктары тууралуу вице-мэр белгиледи. Ар бир ташуучу жеке компания мэриянын өнөктөшү болуп саналат, түзүлгөн келишимдеги милдеттерди эки жак тең бузбашы керек. Дүрбөлөң (саботаж) уюштуруу – бул шаардык муниципалитет менен ташуучу фирмалардын ортосундагы келишимди бузуу болуп саналат.
Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча Бишкек шаарынын мэриясы өнөктөштөрү (ташуучу фирмалар) менен өзүнүн милдеттерин аткарууга милдеттүү.
Бишкек шаарынын экс-мэринин милдетин аткаруучу Б.Түлөбаевдин тапшырмасы боюнча, Бишкек шаарынын 2021-жылдын 29-январындагы №11-р тескемеси менен Бишкек шаарындагы коомдук транспорттогу тариф боюнча БШК токтомунун долбооруна карата жөнгө салуучу таасирдин (ЖСТТ - АРВ) талдоосун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлүп, курамына ташуучу фирмалардын, транспорт жана башка ассоциациялардын өкүлдөрү кирген.
2021-жылдын 19-февралында жөнгө салуучу таасир (ЖСТТ - АРВ) шаардыктарга тааныштырылган.
КР Өкмөтүнүн 20.09.2020. №504 токтому менен бекитилген жөнгө салуучу таасир (ЖСТТ - АРВ) өткөрүү ыкмасынын 46-беренесине ылайык ченемдик-укуктук актыларга карата, кечээ биз “БШКнын токтомуна кээ бир өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” БШКнын долбоорун мурда киргизилген сунуштарды эске алуу менен талкууга койдук.
Жөнгө салуучу таасирди талдоону (ЖСТТ - АРВ) талкуулоо беш күнгө созулат. Талкуудан кийин документ КРнын экономика жана каржы министрлигине, андан кийин шаардык парламенттин депутаттарынын кароосуна жөнөтүлөт.
Андан сырткары, шаардык кызматтар борбордогу кичи жана орто бизнестерди колдоо, жана КР мыйзамдарына ылайык коомдук транспорттун айдоочуларына медициналык маалымкаттарды, лицензия жана башка документтерди алуу системасын жөнөкөйлөтүү маселесин карап чыгуу тапшырмасы тиешелүү кызматтарга тапшырылды.
Эске салсак, 3-май күнү бардык транспорттордун акыркы токтоп туруучу жайларында мобильдик топтор каттамдардын линияга чыгуу аралыктары текшеришет.