Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгы муниципалдык жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн дебитордук карыздарды чогултууну улантууда.

2006-жылы «АТК» компаниясына шаардын түштүк-чыгыш аймагында 1,9 га жер тилкеси 49 жылдык мөөнөткө ижарага убактылуу пайдаланууга, тейлөө шарттары бар көп кабаттуу турак үйлөр үчүн берилген.

10 жылдан кийин "АТК" жоопкерчилиги чектелген коому "ГС" жоопкерчилиги чектелген коомуна пайдалануунун калган мезгилине жер тилкесин убактылуу пайдалануу укугун өткөрүп берет, ижара келишими түзүлгөн.

Тилекке каршы, 2021-жылдын биринчи чейрегин эске алганда, 1 миллион 266 миң 636, 28 сом өлчөмүндөгү карыз, ошондой эле 316 миң 659, 07 сом өлчөмүндө туум пайда болгон.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы карыздын суммасын өндүрүү үчүн Октябрь сотуна кайрылган. Соттун 2021-жылдын 21-апрелиндеги чечими менен  Жер ресурстар башкармалыгынын талабы толугу менен канааттандырылды.

Урматтуу ижарачы ишкерлер! Муниципалдык жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысын убагында төлөп берүүңүздү суранабыз.

Бардык суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгына Бишкек шаары, Чокморов көчөсү 246, дареги боюнча кайрылсаңыз болот. Телефон: (0312) 45-42-73