Биринчи май районунун башчысынын орун басары Аида Рысбаева жана райондук администрациянын социалдык бөлүмүнүн адистери "Синофарм" кытай өндүрүшүнүн коронавирус инфекциясына каршы эмзат алышты.

Баса, эмдөө 21-28 күндүн аралыгында эки жолу жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, 29-марттан бери райондун 904 тургуну эмдөөдөн өткөн.

Урматтуу шаардыктар! Эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт, аны баардыгы ала алышат!
Эмдөөгө байланыштуу бардык суроолор боюнча мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун иммунопрофилактика бөлүмүнө кайрылсаңыз болот: 546521, 546104.