Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясы айлана-чөйрөнү коргоп, түтүнгө каршы күрөшүү боюнча ар тараптуу иштерин улантууда. Жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, абанын булганышынын негизги себептеринин бири бул автоунаа транспортунан чыккан зыяндуу заттар, буга байланыштуу шаардык муниципалитет коомдук транспорттун экологиялык таза түрлөрүнө көңүл бурууда.

28-апрель, шаршемби күнү, эртең мененки саат 10:00до биринчи жолу электромобилдердин (электромобилдер, экобайк) жүрүшү болот.

Жүрүштү адаттагыдай эле жаңы “Ден-соолук” сейил багынын түндүк тарабынан баштайбыз -  М.Гшлессера көчөсүнөн, биз Ч.Айтматов проспектиси менен А.Масалиев көчөсүнө көтөрүлүп, ал жерден чыгышка карай Токомбаев жана Нуркамал Жетикашаева көчөлөрүнүн кесилишине чейин барып, “Ден-соолук” сейил багына Токтоналиев көчөсү менен кайтабыз.

Шаардыктардын коопсуздугу үчүн айдоочуларды МАИнин 5 унаасы жана эки тез жардам унаасы коштоп жүрөт. Жүрүштүн маршруту боюнча жолдун унаа жүрүү бөлүгү жарым-жартылай чектелет, колонна өткөндөн кийин жол дароо ачылат.
Жүрүш Ecobike компаниясынын колдоосу менен өткөрүлөт. Ecobike салону- Кыргызстандагы электр транспортун, тактап айтканда, экобайк идеясын жайылтуучу компаниялардын бири.

Бул булгануу, жол тыгыны жана унаа токтоочу жай сыяктуу көйгөйлөрдү чечкен транспорттун альтернативдүү түрү.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясы Ecobike электр транспорт идеясын жайылтуучу  салону менен биргеликте уюштурууда.

Урматтуу шаардыктар! 0550 13 88 88 телефону аркылуу электр транспорттун жүрүшүнө катышуу үчүн каттала аласыздар.