Шаар ишин улантууда. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаардык коомдук жайларды, сейил бактарды жана скверлерди көрктөндүрүүдө.
Дал ушул тапта тазалыкчылар Планетарийдин жанындагы Элдердин достугу монументинин айланасын иретке келтирип жатышат.
Элдердин достугу монументинин айланасындагы жашыл аймакка 960 метр узундуктагы жээк таштар орнотулуп, таман таштар төшөлүп, дарыя таштарынан ирригациялык тармактар курулууда. Учурда бул жерде 30 кызматкер иштеп жатат.
Планетарийдин жанындагы аймакта Тазалыктын 10 кызматкери эки бирдик атайын техника тартуу менен, миңден ашык погондук метр жээк таштарды алмаштырып, мурда жасалган 20 урна жана 16 отургучтарды орнотуп жатышат.
Урматтуу шаардыктар! Бардык кайрылууларды 1840, 1850, 0 (312) 591802 номурлары аркылуу кабыл алабыз жана сүрөттөрдү жана видео фактыларды Бишкек шаарынын мэриясынын негизги WhatsApp каналына жөнөтүңүз: 0554182185.