Борбор калаада эпидемиялык абал курч бойдон калууда, акыркы сутка ичинде коронавирустук инфекция жана пневмония менен ооругандардын саны 138 түздү.
Баарына белгилүү болгондой, 14-апрелде борбор калаадагы билим берүү уюмдары оффлайн жана онлайн режиминде ишин жанданткан.
26-апрелге карата 14 мектеп: 24, 70, 67, 35, 12, 11, 65, 26, 63, 17, 64, 88, 62 жана 61 аралыктан окутууга өткөрүлдү.
Карантин үчүн №12, № 112 бала бакчалары дагы жабык.
Мындан тышкары, 24 мектепте COVID-19 учурлары катталып, мектептер өз ишин улантып жатышат, учурда 18 класс онлайн режимине өттү.
Онлайн режимине толук өтүү оорулуу бала же мугалим менен болгон байланыштын санына жараша болот, акыркы чечимди мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун эпидемиологдору кабыл алышат.
Урматтуу шаардыктар! Ар бириңизден санитардык нормаларды сактоону чын жүрөктөн суранабыз: бет кап тагынып, жеке гигиенаны бекемдеңиз, колуңузду антисептик менен бат-баттан тазалап, эң башкысы коомдук жайларга барууну чектеңиз, аралыкты сактаңыз. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!