25-апрелден баштап Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи этабынын алкагында дагы сегиз көчөдө жол иштерин баштоо пландалууда.
Эки жагына тротуарларды жана ирригациялык тутумду куруу менен төмөнкү көчөлөр реконструкцияланат:
1. Кулатов көчөсү Каракульский көчөсүнөн Байтик-Баатыр көчөсүнө чейин;
2. Чортеков көчөсү Жайыл-Баатыр көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин;
3. Архитекторлор көчөсү Кыргыз көчөсүнөн КЧК чейин;
4. Баба-Ата ькөчөсү Бакаев көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейин;
5. Жолон көчөсү Ашар көчөсүнөн Алыкулов 55 көчөсүнө чейин;
6. Шералиев көчөсү Жайыл-Баатыр көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;
7. "Дордой-2" жаңы конушу, Борбордук көчөсү айланма жолунан конуштун аягына чейин;
8. Гидрокурулуш көчөсү Курманжан Датка көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейин.
Урматтуу шаардыктар, унаа ээлери! 25-апрелден тарта күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, жогорудагы бөлүктөрдө өткөөл жарым-жартылай чектелет, жолдорду толук жабуу жана ондоо иштери 1-майдан тартып баштоо пландаштырылууда.
"Бишкек шаарынын көчө- жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи этабы эки жылга эсептелген. Бул убакыттын ичинде 5 көпүрө куруу жана жалпы узундугу 70 чакырымдан ашык 60 көчөнү оңдоо пландалууда. Тизмедеги көчөлөрдүн көпчүлүгү кеңейтилет же жаңыланат, баарында тротуарлар жана ирригациялык тармактар болот. Оңдоо иштери Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен China Road and Bridge Corporation компаниясы жүргүзүүдө.