Борбор калаанын мэриясы шаардын бардык аймактарында: сейил бактарда, короолордо, жаңы конуштарда, социалдык объектилерде тышкы жарыктандырууларды жүргүзүүдө.
Жыл башынан бери биздин башкы жарыктандыруучулар, "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 95 чакырымга изоляцияланган зым (СИП) төшөп, шаардын 31 көчөсүнө 713 светодиоддук чырактарды орнотушту, 15 турак жайга 279 светодиоддук чырактарды орнотуп жарык беришти. 128 авариялык кырдаал жоюлуп, 396 светодиоддук чырак жаңыланды.
Ошондой эле №8- кичи районундагы Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн боюна жаңы парк курдук. Тротуар төшөлүп, тышкы жарыктандыруусун орнотуп, Бишкек Баатырдын эстелигинин пьедесталын мрамор плиталар менен каптадык.
Чүй, Манас-Ч.Айтматов проспектилеринде, Абдрахманов-Б.Баатыр көчөлөрүндө, Ахунбаев көчөсүн Тыналиев көчөсүнөн Бакаева көчөсүнө чейин жана Д.Сяопин проспектисин бойлой, ошондой эле "Ынтымак 2- кезек" паркында веложолдорду жарыктандыруу иштери жүрүп жатат.
Бул багыттагы иштер улантылат.
Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздердин көчөңүздөрдө жарыктандыруу өчүп калса анда ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы сиз үчүн ар дайым иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле WhatsApp аркылуу 0777 902-115 номерине жазып, суроо-талап калтырсаңыздар болот.
"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы социалдык тармактарда дагы бар:
Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312
Instagram: @mp_bishkeksvet
Twitter: @Bishkeksvet