Бишкек шаарында эпидемияга жана эпизоотияга каршы чукул комиссиянын отуруму болуп өттү.

Эки иш-чараны өткөрүү маселелери каралды: 29-апрель Бишкек шаарынын күнүн  жана 9-май  Жеңиш күнү -.

Белгилей кетсек, борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда, Бишкек шаарында COVID-19 пандемиясынын бардык мезгилинде катталган коронавирустук инфекция жана пневмония менен ооругандардын саны 32 649 түздү, анын ичинен 20-апрелге карата жаңы 117 учур катталды.

Шаардыктардын коопсуздугу үчүн 29-апрель Бишкек шаарынын күнүнө жана 9-май Жеңиш күнүнө карата массалык иш-чараларды өткөрбөө чечими кабыл алынды.

Урматтуу шаардыктар! Ар бириңиздерден санитардык нормаларды сактоону суранабыз: бет кап кийип, жеке гигиенаны бекемдеңиздер, антисептик колдонуңуздар, аралыкты сактап, эң башкысы коомдук жайларга баруудан баш тартыңыздар. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!