Шаар өз ишин улантууда. "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эмендерге жана ийне жалбырактуу дарактарга витамин берүүдө.
Ийне жалбырактуу дарактар кароого анча муктаж эмес, демек, ызгаардуу кышка жакшы чыдайт деген пикир бар. Бирок, алар белгилүү бир мезгилдерде жакшы кам көрүүгө, оорулардан сактоого жана туура дарылоого муктаж.
"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери бактарды жалбырактуу азыктандырууну, курамында глицерол затын камтыган азык заттарын чачууну башташты. Ал ийне жалбырактуу дарактардын жана эмендердин иммунитетин жакшыртып, жашылдандырууга жана өңүнө ачык түс берет.
Мындай дарылоонун эң жакшы мезгили - жаз мезгили.
Таң эрте Чортеков жана Жайыл-Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде, Манас проспектиси Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде, Масалиев көчөсүн Чортеков көчөсүнөн Табалдиев көчөсүнө чейин бактарга витамин чачуу иштерин жүргүздүк.
Бул багыттагы иштер улантылат.