Калаа мэриясынын жыйындар залында Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык жагдай боюнча онлайн-брифинг өттү.
Кырдаал тууралуу социалдык маселелер боюнча вице-мэр Айжан Чыныбаева, шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын (ШССБ) башчысы Бактыгүл Исмаилова, билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева жана Бишкек шаары боюнча Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова баяндап беришти.
Вице-мэр борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал дагы деле курч бойдон экендигин, Бишкек шаарында 29-мартка карата жаңы катталган коронавирус жана пневмония ооруларынын саны 53 учур катталганын белгиледи.
ШССБнын башчысынын айтымында, бүгүнкү күндө борбор калаада 10 мобилдик медициналык топ иштеп жатат. Пандемиянын шартында бир жыл ичинде 65 миң 704 чакырууга барып, дээрлик 64 миң адамдан ПЧР-изилдөө үчүн мазоктор алынган. Медициналык топтор илдетти аныктоо боюнча 118 чалуу-борборунун кайрылууларына барышат.
Белгилесек, 2020-жылдын 6-апрелинен тартып 118 ишеним кызматына жалпысынан 131 755 арыз келип түшкөн, алардын ичинен COVID-19 деп шектелип 18 215 анкета толтурулган.
Билим берүү башкармалыгынын башчысы 1-апрелден тартып 1, 2, 3, 4, 5, 9, 11 класстардын окуучулары офлайн режимде, калган 6, 7, 8, 10-класстардын окуучулары онлайн режиминде окушат деп билдирди.
Ошондой эле 87 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин 78синде 516 топто 4 миң 336 бала окуйт.
Балдардын коопсуздугу үчүн COVID-19тун жайылышына каршы күрөшүү боюнча шаардык штаб 1-апрелден баштап балдардын көңүл ачуучу мекемелеринин, соода жана көңүл ачуу борборлорунда жайгашкан оюн аянтчаларынын ишин убактылуу токтото турууну чечти.
Эске сала кетсек, вице-мэр А.Чыныбаеванын тапшырмасы менен шаардын аймагында санитардык көзөмөл күчөтүлгөн.
Урматтуу шаардыктар! Өз алдынча дарыланбаңыздар!
Эгер күтүлбөгөн жерден өзүңүздүн ооруп жаткандыгыңызды сезсеңиз, 118 чалуу-борборунун дарыгерлери менен кеңешип, оорунун алгачкы учурунда алдын алсаңыздар болот. Биздин операторлор ар дайым сизге керектүү жардамды берүүгө даяр.
Бет кап тагынууну, колуңуздарды антисептик менен тазалоону унутпаңыздар, аралыкты сактаңыздар жана албетте спорт менен машыгып, иммунитетиңиздерди чыңдаңыздар. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!