Урматтуу шаардыктар, жүргүнчүлөр! Шота Руставели көчөсү менен “Жал” кичи районунун бөлүгүндөгү болгон аварияны жойдук, бүгүнкү күндөн баштап №5 жана №14 каттамындагы троллейбустар мурунку жолу менен жүрөт.
Эске салсак, кечээ, тармакта ашыкча чыңалуу коркунучу пайда болуп, №5, №14 троллейбустардын жол жүрүү схемаларына убактылуу өзгөртүүлөр киргизилген.
Түшүнгөнүңүз жана чыдамдуулук көрсөткөнүңүз үчүн рахмат!
Коомдук транспорттун иши боюнча, биз ар дайым төмөнкү номерлер аркылуу жооп берүүгө даярбыз:
Шаардык транспорт башкармалыгы (кичи автобустар): 0550143637;
Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы, автобустардын ишине көзөмөл жүргүзөт: 0553022753;
Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700411905.