Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партияларга, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына КАЙРЫЛУУСУ

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин айрымдарына жана Бишкек шаарынын мэриясынын кызмат адмадарына карата козголгон кылмыш иштери боюнча акыркы билдирүүлөргө байланыштуу, Бишкек шаардык шайлоо комиссиясы "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасы Мыйзамынын 22-28-беренелеринин талаптарын аткарууга көңүлүңүздү бурат.

Мындан тышкары, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын, ошондой эле мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик (муниципалдык) катышуу үлүшү 30 пайыздан ашкан ишканалардын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундарын ээлеген талапкерлер кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыгын же администрациялык ресурстун башка түрлөрүн пайдаланууга укуксуз.

Талапкер болуп эсептелбеген жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын, ошондой эле мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик (муниципалдык) катышуунун үлүшү 30 пайыздан ашкан ишканалардын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундарын ээлеген адамдар талапкерди көрсөтүү же шайлоо максатында кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыгын же административдик ресурстун башка түрлөрүн пайдаланууга укуксуз.

Жогорудагы аталган берененин талаптарын бузган адамдар мыйзамдарда каралган жазыктык же башка жоопкерчиликти тартат.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңештин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын депутаттарын шайлоого катышкан саясий партияларды мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келүүчү аракеттерден алыс болууга чакырат.