Урматтуу шаардыктар, жүргүнчүлөр! Бүгүн саат 10: 53тө Шота Руставели көчөсү менен “Жал” кичирайонунун тилкесинде авария болду. Шаардык троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери жерине дароо чыгып, учурда оңдоо иштери жүрүп жатат.
Тармактын ашыкча чыңалуу коркунучу болгондуктан, убактылуу өзгөрүүлөр киргизилди:
Буга чейин “Тунгуч” кичи районунан “Жал” кичи районуна чейин каттаган №5- троллейбус каттамы, эми "Тунгуч" кичи району №8- кичи району схемасы боюнча убактылуу каттайт.
№14- троллейбус каттамы ишин убактылуу токтотту.
Урматтуу шаардыктар! Бул убактылуу чаралар, тоскоолдуктар жоюлгандан кийин каттамдар калыбына келтирилет.
Келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз, шаар тургундарынан жолго чыгаарда алдын ала ойлонуп чыгууну өтүнөбүз. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!
Коомдук транспорттун иши боюнча суроолорго биз ар дайым төмөнкү номурлар аркылуу жооп берүүгө даярбыз;
Шаардык транспорт башкармалыгы (кичи автобустар): 0550143637;
•Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы, автобустардын ишине көзөмөл жүргүзөт: 0553022753;
•Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700411905;
•Тулпар: 582000,электрондук почтасы: feed ... @ tulpar-card.kg