"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы тышкы жарык тармактарын модернизациялоо боюнча иштерин улантууда. Көптөгөн жылдардан бери жарык жок болгон көчөлөргө жана тилкелерге жарык орнотууга өзгөчө көңүл буруудабыз.
Бул жолу Хабитат көчөсүнүн боюна 20 светодиоддук лампа орнотулуп, 540 метр өзүн-өзү көтөрө турган изоляцияланган зым тартылды.
Островский көчөсүнүн боюна 5 светодиоддук чырактарды жана 5 кронштейндерди орноттук, №103а, №99- үйлөрүнүн короолору, Будённый көчөсү “Красный Строитель” турак-жайы толугу менен жарыктандырылды.
Осмонкул көчөсү Токтогул көчөсүнөн түштүккө карай эми дайым жарык болот, ал жака 6 светодиоддук чырак жана 6 кронштейн орнотулду.
Ошондой эле, борбор калаанын жарык берүүчүлөрү: Киев көчөсүн Абдрахманов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин, “Бакай-Ата” турак жай конушундагы Зулайка, Көкчө көчөлөрүнүн жарык шаймандарын оңдошуп, электр зымдарын иретке келтиришти.
Бул багытта иштер уланууда.
Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздин көчөңүздөрдө капыстан жарык өчуп калса, анда ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым сиздер үчүн иштейт: 0312 463 089, 0312 576 351, WhatsApp: 0777 902 115, 0702 805-756.
"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы социалдык тармактарда:
Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312
Instagram: @mp_bishkeksvet
Twitter: @Bishkeksvet