Урматтуу шаардыктар! "Газпром" жоопкерчилиги чектелген коомундагы авариялык иштерге байланыштуу, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы авария жоюлганга чейин “Газ шаарчасы” кичи районунун жашоочуларынын үйлөрүнө жылуулук жана ысык суу түрүндө жылуулук энергиясын берүүнү токтотууга аргасыз болду.
"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт!
Биз ар дайым байланыштабыз! Эгерде сизде жылуулук же ысык суу маселеси келип чыкса, анда диспетчердик кызматка төмөнкү номерлерге күнү-түнү чалып байланышсаңыздар болот: 0701 777110 (WhatsApp), 0312 212906.
Эсептегичтин көрсөткүчтөрүн (айдын 17нен 24үнө чейин): 0504828229 (WhatsApp) номерине жиберип же 0312 492535 номуруна чалсаңыздар болот.
Эске салсак, ишкана шаардын батыш тарабын тейлейт: Жал кичи районун, Газ шаарчасын, Аскер шаарчасын жана Совмин турак жай массивин, калгандарынын бардыгын улуттук энергетикалык холдингдин туунду компаниясы - "Бишкектеплосеть" ачык акционердик коому жылуулук менен камсыз кылат.