Борбор калаада коммерциялык банктардан жана банктык эмес финансы-кредиттик мекемелеринен насыя алуучулардын арыздарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын пландуу жыйыны болуп өттү.

Комиссиянын отурумдарын түздөн-түз коммерциялык банктардын аянтчаларында өткөрүү чечими кабыл алынды, кийинки отурумду "Оптима Банк" ачык акционердик коомунун аянтчасында өткөрүү пландалууда.

Мындай көчмө сессиялар комиссиянын насыя алуучулардын арыздарын тезинен карап чыгуу үчүн коммерциялык банк менен натыйжалуу өз ара аракеттенишине жол ачат.

Насыя алуучулардын көйгөйлүү маселелерин чечүү көп жылдардан бери келе жаткан татаал жумуш экендигин эске алыңыздар. Ошол эле учурда, мыйзамдык жөнгө салуунун жоктугунан, маселелер негизинен чечилген эмес.

Ушуга байланыштуу, Бишкек шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 8-февралындагы №21-р буйругу менен, коммерциялык банктын жана насыя алуучунун катышуусу менен арыздарды ар тараптуу кароо жана маселелерди чечүү үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн.

Комиссиянын курамына: борбордук мэриянын кызматкерлери, шаардык жана мамлекеттик укук коргоо органдарынын кызматкерлери, насыя алуучулардын өкүлдөрү кирет.