№6 кичи районунун жашоочуларынын кайрылуусу менен жер маселелери, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу, футбол аянтчасынын ордуна көп кабаттуу турак үй куруу маселеси боюнча тургундар менен жолугушту.

Жолугушууга BSK Capital Groupтун өкүлү Эрлан Солтонбеков дагы катышты.

Талкуу учурунда вице-мэр мунасага келип, маселени Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чечүү керектигин белгиледи.

Жыйынтыгында вице-мэр тиешелүү шаардык кызматтарга материалдарды деталдуу текшерип чыгууну тапшырды.