Шаардык мэриянын жыйындар залында аялдарга жана балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулуктун, ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жана кылмыштардын кайрадан жасалышынын алдын алуу боюнча жыйын болуп өттү.

Жолугушууну борбор калаанын социалдык саясат боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева алып барды, Бишкек шаарынын прокуратурасынын өкүлү Н.Ж.Сулайманова, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Атантаев Э.М., төрт райондун акимдеринин социалдык маселелер боюнча орун басарлары, райондук социалдык өнүгүү башкармалыктарынын башчылары катышты.

Биз балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, өз убагында аныктоо, турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоо маселелерин талкууладык.

Турмуштук оор кырдаалда турган балдардын жана үй-бүлөлөрдүн бирдиктүү маалымат базасын түзүү сунушталды, бул аймактык органдардын ишин координациялоого, өз ара аракеттенүүгө жана мониторинг жүргүзүүгө, аларды андан ары калыбына келтирүү жол-жоболорунун ачык-айкындуулугуна жол ачат.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчилигине «Санарип технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы менен биргеликте турмуштук оор кырдаалда турган балдардын электрондук базасын түзүү боюнча долбоорду иштеп чыгуу тапшырылды.