Жашыл чакырык башталды, анын алкагында ар бир жаран жана уюм шаарды жашылдандырууга салымдарын кошуп, өзүнүн бактарын отургуза алышат.

«Jubılee» компаниясы директорлор кеңешинин төрагасы Валерия Хегайдын атынан шаарга чынар дарактын 20 ири көлөмдүү көчөттөрүн белек кылды.

Компаниянын 30га жакын кызматкери жашыл белектерди отургузууга жигердүү катышып, аларга борбордун "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын багбандары жардам беришти.

Жалбырактуу бактар Турусбеков көчөсүнөн Калык Акиев көчөсүнө чейин Чүй проспектисинин боюна отургузулду.

Белгилей кетсек, компания экинчи жыл катары менен акцияны өткөрүп жатат. Өткөн жылы алар шаарга 20 көчөт белек кылышкан.

Бишкек шаарынын мэриясы «Jubılee» компаниясы тарабынан сунушталган жигердүү жарандарга сонун белек үчүн ыраазычылык билдирет жана борбор калаанын жашоочуларына жашыл аянтчаларга этият мамиле кылууга үндөйт.

Урматтуу шаардыктар! Эгер сиз дагы борбор шаарыбызды көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга катышууну кааласаңыз, анда төмөнкү телефондорго чалыңыздар: 0 (312) 37-53-30, WhatsApp (0550) 76-09-66.