Короодогу таштандыларды чыгарып кетүү маселеси тургундар менен болгон жолугушууларда бир нече жолу көтөрүлгөн. Октябрь районунун башчысы Данияр Арпачиев “Кара-Жыгач” турак жай конушунун аймагындагы тиричилик таштандыларын чыгаруу графигин кайра карап чыгууну тапшырды.
Таштандыларды чыгаруу тажрыйбасы көрсөткөндөй, таштандыны белгиленген аянттардан чогултуу жана чыгаруу жашоочулар үчүн дагы, «КомТрансКом» компаниясы үчүн дагы ыңгайсыз жана натыйжасыз болуп чыкты.
Сүйлөшүүлөрдөн кийин «КомТрансКом» компаниясы тургундарга ыңгайлуу болуусу үчүн таштанды чогултуучу машиналардын жаңы иштөө графигин иштеп чыкты.
Эми таштандылар төмөнкү графикке ылайык чыгарылат:
Ар дүйшөмбү күнү, саат 9: 00дөн 17: 00гө чейин 1-кварталда Достоевский, Сары-Жаз, Дордой, Кумтөр, Каркыра, Эркин, Кожояр, Ырыс, Кара-Жыгач, Исакеева көчөлөрү боюнча катуу тирчилик таштандылар чыгарылат;
2-кварталда ар шейшемби күнү саат 9: 00дөн 17: 00гө чейин Достоевский, Лев Толстой, Демилге, Кара-Жыгач, Көк-Ойрок, Багыш, Чок-тал, Кызарт, Төө-Ашуу, Жетиген, Кара-Жыгач, Кожомкул, Нарын, Исакеев көчөлөрү боюнча катуу таштандылар чыгарылат.
Ар бейшемби күнү саат 9: 00дөн 17: 00гө чейин 3-4-кварталдарда, Исакеев, Шаты, Кадыр-Аке, Берекет, Кайыпов, Соң-Көл, Ысык-Көл, Кереге-Таш, Бурана, Субан-Ата, Теңир Тоо, Өтмөк Ашуу, Оберон, Нарын, Торугарт, Сары-Озон, Жайылган көчөлөрү боюнча катуу таштандылар чыгарылат.
Урматтуу "Кара-жыгач" турак жай конушунун тургундары! Таштандыларды убагында чыгарыңыздар, биз алып кетебиз!