«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы борбор калаа боюнча ачык люктарды ыкчам түрдө жабууну улантууда.
Белгилей кетсек, биз баш калаабыздын көптөгөн көчөлөрүнө люктар менен торлорду кайрадан орнотуп жатабыз.
Эки айдын ичинде 80ден ашык агынды сууларды кабыл алуучу торлорду орноттук.
Урматтуу шаардыктар! Өтүнүч! Люктарды уурдабаңыздар, бул өтө кооптуу! Эгерде сиз люктардын жана капкактарынын уурдалып жаткандыгына күбө болсоңуздар, дароо милицияга чалыңыздар: 102.
Андан тышкары 2021-жылдын өндүрүш планына ылайык биз көчө чуңкурларын оңдоо иштерине кириштик. Эки күндүн ичинде төмөнкү көчөлөрдө чуңкурлар жасалды:
•Советский көчөсү Аул көчөсүнөн баштап Карасаев көчөсүнө чейин;
•Панфилов көчөсү (Жогорку Кеңештин маңдайында);
•Лев Толстой жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде;
•Советский көчөсү Медеров көчөсүнөн баштап Донецкий көчөсүнө чейин.
Көчө чуңкурлары оңдоо иштери уланууда.
Белгилей кетсек, көчөлөрдүн тизмеси жарандардын ММК жана социалдык тармактардагы даттануулары жана кайрылуулары, ошондой эле комиссиялык, райондук акимиаттардын сунуштарынын негизинде түзүлгөн.
"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу кайрылууларды (сүрөт жана видео) WhatsApp: 0558 888358 номерине жөнөтсөңүз болот.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарына социалдык тармактардагы, мессенджерлердеги ишибиздеги кемчиликтер жана каталар жөнүндө ыкчам билдирүүлөрү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет, сиздердин жардамыңыз менен биз шаарыбызды жакшыртып жатабыз!