Урматтуу шардыктар, ишкерлер! Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы канализация тармагын курууга тендер жарыялайт.

Сынак үч лоттон турат:
Лот 1: Узундугу 1,306 метр түзгөн Айдаралиев көчөсүндө Кулатов көчөсүнөн баштап Медеров көчөсүнө чейин,  Оренбург көчөсүндө Горький көчөсүнөн баштап Медеров көчөсүнө чейин магистралдык канализация куруу. Сметалык наркы  8 миллион 190,5 миң сом.
Лот 2: Узундугу 232, 5 метр түзгөн «Чон Арык» конушунда Чодронов көчөсүндө 97-112 борбордук канализация куруу. Сметалык наркы 1 миллион 104 миң сом.
Лот 3: Узундугу 685 метр түзгөн Дачный көчөсүндө борбордук канализация тармагын куруу. Сметалык нарк: 5 миллион 112,4 миң сом.

Белгилей кетсек, сынак эртең 2021 жылы 12-март күнү жарыяланат, каражаттар шаардык бюджетте каралган.

Урматтуу катышуучулар! Сынак жөнүндө кенеңирээк маалымат мамлекеттик сатып алууларынын порталынан алсаңыздар болот : www.zakupki.gov.kg