Борбор калаанын мэриясынын жетекчилиги шаардыктар менен дайыма туруктуу жана тез байланышта.
Борбор калаанын жер маселелери, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу шаардыктардын маселелерин чечүү үчүн жолугушуу өткөрдү.
Кайрылуулардын көпчүлүгү жер тилкелерин мыйзамдаштыруу, бөлүп берүү, ижарага берүү, күркөлөрдү алуу, ар кандай объектилерди куруу жана турак жай бөлүп берүү маселелерине байланыштуу болду.
Жолугушууга 14 шаар тургуну келди, алардын арасында “Ажы-Айымдар” коомдук кайрымдуулук фондунун директору Жаңыл Аджыбаева майыптар үчүн балдарды калыбына келтирүү борборун куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча кайрылды.
Шаар тургуну Данияр Кадыркулов бизнес үчүн жер тилкесин ижарага берүү маселеси боюнча вице-мэрдин жеке кабыл алуусуна келди.
Шаардыктардын бардык кайрылуулары боюнча вице-мэр тиешелүү кызматтарга бишкектиктердин маселелерин тез арада чечип берүүнү тапшырды.
Урматтуу шаардыктар! Борбор калаанын жер маселелери, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу 61-07-33 телефон номери аркылуу байланышта.
Биз суроолоду жана арыздарды 1840, 1850 номери аркылуу кабыл алабыз. Сүрөттөрдү жана видеолорду Бишкек шаарынын мэриясынын негизги WhatsApp каналына жөнөтүңүздөр: 0554182185
Шаардыктар Бишкек шаарынын мэриясынын Facebook, Instagram, Twitter социалдык тармактарындагы расмий аккаунтуна жазылып, ыкчам маалымат алып, суроолорун бере алышат. Ошондой эле, бардык маалыматтар ыкчам түрдө Бишкек шаардык мэриясынын www.meria.kg расмий сайтына жайгаштырылат.