Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Замирбек Абылаев жана социалдык коргоо кызматкерлери катышты.


Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова куттуктап, социалдык коргоо кызматкерлерине ардак грамоталарды тапшырды.


Ак ниеттүү жана жемиштүү эмгек тери үчун Бишкек шаарынын мэриясынын ардак грамоталары менен төмөнкүлөр сыйланды:


Балдарды социалдык жактан адаптациялоо борборунун тарбиячысы – Алиман Асекова, Свердлов районунун  кароосуз калган балдар үчүн «Учкун» балдар үйүнүн тарбиячысы – Каныкүл Молдобаева, Майыптарды калыбына келтирүү борборунун эмгек терапевти - Анара Мамбетисаева, Ленин районунун СӨБ социалдык кызматкери  - Екатерина Григорьева, карылар үчүн Бишкек шаардык үй интернатынын ашпозчусу - Жылдыз Төлөгөнова, «Коломто» МИ социалдык кызматкери - Сатымкул Молдалиев.


Салтанаттуу иш-чара майрамдык концерт менен жыйынтыкталды.