Борбор калаада кароосуз калган жана кайыр сураган балдарды аныктоо уланууда. Тилекке каршы, айрым өспүрүмдөр кырдаалдан пайдаланып, онлайн сабактарга катышпай, сабактарды калтырып, базарларда, унаа жуучу жайларда, тамак - аш сатуучу жайларда жана башка жерлерде иштешүүдө.
Свердлов акимиаты райондук ички иштер башкармалыгы, Социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү менен биргеликте райондун аймагында кароосуз алган балдарды аныктоо боюнча рейдин улантууда.
Тактап айтканда: "Ак-Эмир", "Чынар", "Улар", "Таалай", "Дордой", "Аламүдүн", "Мадина" базарлары, "Дордой-Плаза", "Чынар", "Айчүрөк" соода борборлору, Гоголь көчөсүндөгү борбордук мечиттин айланасы, Осмонкул көчөсүндөгү "Махмуд Кашгари" атындагы мечиттин айлансы, Жибек-Жолу проспектисиндеги "Имам Сарахси" атындагы мечиттин айланасы, "Мадина" базарындагы мечит жана 9 компьютердик клуб текшерүүдөн өттү.
Рейддин жүрүшүндө 18 өспүрүм аныкталып, анын ичинен 5 бала Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу борборуна, 4 өспүрүм “Айданек” реинтеграциялык борборуна жеткирилип, 9 өспүрүм ата-энесине жана туугандарына кайтарылды.
Ар бир балага жана ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүлдү.
Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз балдарга ырайымсыз мамиле жасалып же кайыр сураган учурларга күбө болсоңуздар, дароо милицияга 102 номерине жана бизге райондук үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмдөрүнө чалыңыздар:
Октябрь району: 510375, 0772637987 Назгүл Солтонбаева;
Ленин району: 883899.0502021404 Нуриза Сталбеков;
Свердлов району: 530576, 0706821676 Тамара Акжолтоева;
Биринчи май району: 670386, 0553 225 905 Айбек Бекетаев;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ишеним телефону: 111
Сураныч! Өзүнүзгө, жакындарыңыздарга жана балдарга кам көрүңүздөр!