Бишкек шаарынын мэриясы ар  дайым шаардыктар менен байланышта.

Шаардын турак-жай коммуналдык чарба боюнча вице-мэри  Жамалбек Ырсалиев Октябрь районунун "Рухий-Мурас" жаңы конушунун жашоочулары менен жолукту.

Жаңы конуштун жашоочулары вице-мэрден мектеп, бала-бакча, тротуар,балдар аянтчасын салуу жана жолдорду, инженердик тармактарды оңдоо, көчөлөрдү жарыктандыруу маселелерин чечип берүүнү  суранышты.

Ар бир тургунду шаардык кызматтардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары, Октябрь районунун акими Данияр Арпачиев жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү угушту.

Вице-мэр райондук кызматтарга  тургундардын суроолорун карап, жакынкы аралыкта чечүүсүн талап кылды.