Борбор калаанын мэриясы мыйзамсыз соода менен күрөшүүнү улантууда.

Биринчи май райондук администрациясынын адистери Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы,  милициянын кайгуул кызматкерлери, каржы полициясы, райондук салык кызматкерлери менен биргеликте күйүүчү-майлоочу май менен мыйзамсыз соода кылган пункттарды жоюу боюнча Профсоюз көчөсүндө рейддик иш-чара өткөрүштү.

Буга чейин биз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушун алдын алуу боюнча бир нече жолу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 120-беренесине ылайык административдик протоколдорду түзгөнбүз жана уруксат берилбеген күйүүчү-майлоочу материалдарды алынган. Тилекке каршы, мыйзамды бузган ишкерлер өз ишмердүүлүгүн кайрадан улантууда.

Бул жолу уруксаты жок 320 литр күйүүчү-майлоочу май кармалды, алар андан аркы иш-аракеттер үчүн Бишкек шаарындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилет.
Т.Молдо көчөсү менен Ж.Жолу проспектисинин кесилишинде мыйзамсыз соода кылган 15ке жакын пункт, Бөкөнбаев көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишинен 3 жана Москва менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги 6 стихиялуу пункт жоюлду.

Бул багытта иш-аракеттер уланууда.