13-февралда "Стрельников" айылындагы тоонун боорунда “Биз кышкы спорт менен достук мамиледебиз, үшүктөн коркпойбуз” урааны менен жаш муундар үчүн кышкы чоң спорттук иш-чара өтөт.
Иш-чарага Бишкек шаарынын төрт районунун балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары болуп, жалпы 400 бала катышат.
Оюндар дене тарбияны, спортту жана сергек жашоо образын үгүттөө жана жайылтуу, ошондой эле оор кырдаалда калган балдарды социалдаштыруу максатында өткөрүлөт.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене-тарбия жана спорт башкармалыгы уюштуруп, жеңүүчүлөргө жагымдуу белектерди камдады.
Эске салсак, балдар үчүн лыжа тебүү 2011-жылдан бери өткөрүлүп келет.