Урматтуу шаардыктар, жүргүнчүлөр! Биз “Тулпар” виртуалдык картасынын бекер каттоо акциясын февраль айынын аягына чейин узарттык.

Картаны түзүү үчүн “Тулпар” тиркемесин жүктөп, андан кийин жеке кабинет ачып, виртуалдык картаны акысыз жоболоштуруу керек.

Жол кире акысын төлөө үчүн “Тулпар” тиркемесин ачып, виртуалдык картаны басуу керек, андан соң байланышсыз төлөмдүн белгисин басып, валидаторго телефонду жакындатыңыз, анан ийгиликтүү аяктоонун сигналын күтөсүз. Телефон интернетке кошулуу болуусу зарыл.

Эми “Тулпар” дайыма сиздин смартфонуңузда болот!

Виртуалдык карта NFC колдоосу бар андроид-смартфондордун ээлери үчүн гана  жеткиликтүү.

“Тулпар” акысыз виртуалдык картасы — бул кыска аралыкта жайгашкан (10 см чейин) жогорку жыштыктагы зымсыз байланыш технологиясы, бул кыска аралыкта жайгашкан түзмөктөрдүн ортосунда, мисалы, окурман терминалы менен уюлдук телефондун же пластик смарт-картанын ортосунда маалыматтарды алмашуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Урматтуу жүргүнчүлөр! “Тулпар” виртуалдык картасын каттаганга же 50 сомго стандарттык картаны алганга жетишип калыңыздар. Белгилей кетсек, картанын баасы мурдакыдай эле калды.

Эгерде “Тулпар” виртуалдык картаны каттап жатканда көйгөйлөр болсо ыкчам байланыш  номуруна чалыңыздар: 582000, почта: feedback@tulpar-card. же соцтармактардан жазыңыздар.