Ленин акимиатында КР ИИМнин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрүнүн, райондун муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлеринин жана №1 МАБдын кварталдык жана үй комитеттеринин төрагаларынын катышуусунда, жаштар арасындагы баңги колдонууну алдын алуу боюнча атайын аянтча уюштурурулду.
Иш жолугушуунун эң башкы тапшырмасы – жаштар арасындагы интернет, жарнамалар жана дубалдагы жазуулар аркылуу баңгизаттын жайылуусун токтотуу.
Райондук кызматтарга, кварталдык жана үй комитеттеринин төрагаларына баңгизатты жайылтуу жарнамаларын аныктап жана жок кылуу профилактикалык иш – чараларын күчөтүү тапшырмасы берилди.