Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү борбор шаардын Октябрь районунун мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окутуучу семинар өткөрдү.

Семинарда иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”, “Кыргыз тилинин жазуу эрежелери” жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилине тийиштүү укуктук ченемдик актылар каралды.

Окутуучу семинар учурдагы абалды эске алуу менен санитардык эрежелерди сактоо менен өткөрүлдү.