Ленин акимиатында билим берүү борборунун директору, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары, тарбия иштери боюнча мектептердин директорлорунун орун басарлары, үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн, ИИБнин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын, муниципалдык аймактык башкармалктардын кызматкерлеринин катышуусунда балдарга карата ырайымсыз мамиле жана зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү.
Түзүмдүк бөлүмдөргө балдарга карата ырайымсыз мамиле жана зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча биргеликте иш алып барууну күчөтүү, оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө текшерүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.
Урматтуу шаардыктар! Эгерде зордук-зомбулукка кабылган балдарга күбө болсоңуздар, төмөнкү ишеним номерлерине чалыңыздар:
Шаардын бардык райондук администрацияларында балдардын иши боюнча ишеним телефондору иштеп жатат:
- Биринчи май районунун ишеним телефону: 0(312) 67-03-86;
- Октябрь районунун ишеним телефону: 0(312) 51-03-75;
- Свердлов районунун ишеним телефону: 0(312) 53-05-76;
- Ленин районунун ишеним телефону: 0(312) 88-38-99.