Бүгүн, КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын, ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасында кезексиз президенттик шайлоого жана референдумга байкоо жүргүзүүгө катышкан эл аралык байкоочулар борбор калаанын вице-мэри Айжан Чыныбаева менен биргеликте Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүл коюшту.
Байкоочуларды Ардактуу кароол тосуп алды, андан кийин коноктор жана вице-мэр башын ийип, гүл коюшту.
"Өчпөс оттун" мемориалы - Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке арналган архитектуралык-скульптуралык композиция 1985-жылы орнотулган. Эстеликтин авторлору архитекторлор В.Бухаев жана В.Лызенко, скульпторлор М.Аникушкин жана Т.Садыков.
Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!