Шаар өз ишин улантууда. Бишкек шаардык мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук жайларда көрктөндүрүү, тазалык жана тартипти бузгандарга каршы күрөшүү иштерин улантууда.
2020-жылы «Бузуулар жөнүндө» кодекси боюнча 11 миллион 726 миң 500 сом суммасында 1,446 протокол түзүлгөн.
Шаардыктарга жана уюмдарга «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 293-беренеси «Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу» боюнча 612 протокол түзүлгөн.
Чектеш аймакта тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу эрежелерин сактабагандыгы үчүн 70-берене "Аймакты абатташтыруу эрежелерин бузуу" боюнча 353 протокол, 71-берененин 1-бөлүгүнүн 2-бөлүгүнө ылайык, белгисиз жерлерде тиричилик жана өндүрүштүк таштандыларды өрттөө боюнча 267 протокол, 119-берене (Жол курулмаларын бузуу боюнча – 67 протокол) жана 119-1-берене (Автомобиль жолдорун, көчөлөрдү, темир жол өткөөлдөрүн жана башка жол курулмаларын күтүү эрежелерин бузуу боюнча – 94 пртокол) жалпысынан 161 протокол түзүлгөн.
Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар! Сураныч! Үйүңүздүн жана кеңсеңиздин жанында тазалыкты сактаңыз, таштандыларды белгисиз жерге таштабаңыз. Сураныч! Өзүңүзгө жана сүйүктүү шаарыңызга кам көрүңүз!
Мэриянын санитардык-экологиялык күзөт кызматынын байланышномери: 0 705 564756
Бишкек сүйүктүү шаарыбыз!