Быйыл шаардык мектеп окуучулары бешинчи Москва эл аралык мегаполистер олимпиадасына Газпром мектебинде онлайн режиминде катышууда.
Математика, физика, химия, информатика - 4 сабак боюнча командалык мелдешке 2019-2020-окуу жылында шаардык жана республикалык олимпиадасынын жыйынтыгы боюнча тандалып алынган Бишкек шаарынын 8 мектеп окуучусу катышууда.
2020-жылдын 16-декабрында блиц-тур өткөрүлүп, ар бир предмет боюнча англис тилинде 20дан суроо берилген.
Блиц-раунд көз карандысыз мелдеш болуп саналып анын жыйынтыгы жалпы эсепте эске алынбайт.
Бүгүн, 17-декабрда биринчи практикалык тур, 19-декабрда экинчи теория туру өтөт.
Мегаполистердин олимпиадасы 2020-жылдын 16-19-декабрында өтүп, ага дүйнөнүн ири шаарларында жашаган 14-18 жаштагы балдар катышышат.
Мегалополистер олимпиадасы - эл аралык командалык мелдеш болуп саналат, ал жыл сайын Москва шаарында мэрдин демилгеси менен өткөрүлөт.
Биринчи олимпиада 2016-жылы өткөрүлүп, ага 22 мегаполистен 173 мектеп окуучусу катышкан.
Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!