Бишкек шаарынын мэриясы бир багыттуу кыймыл төмөнкү көчөлөрдө каттарын билдирет:


Москва көчөсү — Жаш гвардия бульварынан Ибраимов көчөсүнө чейин чыгышты карай бир багыттуу болот. Мында коомдук унаа үчүн эки тараптуу багыт өзгөрүүсүз калат;


Токтогул көчөсү — Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин батышты өздөй бир тараптуу болот;


Киев көчөсү - Жаш Гвардия бульварынан Абдырахманов көчөсүнө чейин чыгышты карай бир тараптуу болуп, коомдук унаа үчүн эки тараптуу багыт сакталат;

Бөкөнбаев көчөсү — Ибраимов көчөсүнөн Кулиев көчөсүнө чейин батышты карай бир багыттуу болот.


Бир тараптуу багыт киргизилгенден кийин Чүй проспектисинде кечинде жол кыймылына коюлган чектөө алынат.