Ала-Тоо конушунун жашоочулары жана Ленин районунун башчысы Чынасыл Чыныбаев шаардын инженердик кызматтары менен конушта саркынды сууларды сордуруу станциясын (КНС) долбоорлоо маселеси боюнча жолугушту.
Аким шаардыктарды угуп, Ак-Булак жана Орто-Арык көчөлөрүнүн кесилишине канализациялык насостук станция орнотуу маселесин карап чыгууну мэриянын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгына тапшырды.
Ошондой эле, "Бишкекбашкыархитектура" МИсы жана "Бишкексууканал" башкармалыгы менен биргеликте Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору менен санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана стандарттарды мындан ары макулдашуу үчүн орнотулган канализациялык насостук станциясынын кубаттуулугун техникалык параметрлери менен аныктоо зарыл.
Урматтуу жарандар! Мэрия ар дайым байланышта! Кайрылууларды күнү-түнү 1840 жана 1850 кыска номерлери аркылуу колл-борборго калтырыңыздар, ал эми көйгөйлөрдү сүрөт жана видеолору менен 0554 182-185 номери кабыл алат.
Ошондой эле, ыкчам иштөө үчүн, биз бардык социалдык тармактарда барбыз. Сураныч, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!
Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!