Шаар ишин улантууда. Бишкек шаарынын мэриясынын буйругуна ылайык, мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы  2020-жылга карата курулуш объектилеринин титулдук тизмесинде өткөрүлгөн тендерлерден үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен жалпы билим берүүчү 13 билим берүү мекемесинде жалпы суммасы 12 772 600 сомду түзгөн авариялык ремонт иштерине тендер жарыялады. http://zakupki.gov.kg/popp/

№3, №20, №26, №71 мектептерде жана  №109, №134 бала бакчаларында мектептин аймагынан өтүүчү, сырткы жылуулук трассалары оңдолот. Ошондой эле, №1 мектептин тышкы жылуулук тармактары да, ички жылуулук тутумдары да иретке келтирилет.

№46, №28 мектептерде тышкы канализация тармактары оңдолот.

№84, №93 мектептерде имараттагы электр башкаруу бөлмөлөрү оңдолуп, №58 билим берүү уюмунун аймагынан өткөн тышкы электр кабели алмаштырылат.

Тендер кечээ, 26-ноябрда жарыяланды, арыздарды  берүүнүн акыркы мөөнөтү 3-декабрь.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!