Бүгүн Октябрь райондук администрациясынын жаңы акими Данияр Арпачиев райондук кызматтардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлери менен пландуу жыйынын өткөрдү.
Биз районду COVID-19дон коргоо, санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү, кышкысын туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн баш калкалоочу жайдын даярдыгын камсыздоо маселелерин талкууладык.
Үй-бүлөлүк медицина борборуна райондук МАБ менен биргеликте короолорду кыдыруу иштерин күчөтүү, мобилдик топтордун мүчөлөрүнүн жашаган жерлерине көңүл буруу тапшырылды.
Райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы туруктуу жашаган жери жок адамдарга социалдык, укуктук жана психологиялык жардам көрсөтүү маселесин иштеп чыгып, жумушка орношуусуна, жашап турууга уруксат алуусуна жана укук белгилөөчү документтерин калыбына келтиришине жардам берүү маселесин иштеп чыгуусу зарыл.
Октябрь районунун салык кызматы жер жана транспорт салыгын төлөө боюнча иштерди жүргүзөт.
Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы ар дайым байланышта! Бардык көйгөйлөрдү мэриянын колл-борбору 1840 жана 1850 номерлери аркылуу кабыл алат, көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун WhatsApp колдонмосу аркылуу 0554 182-185 номерине жибериңиздер.
Сураныч, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!
Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!