Чүй областынын бардык фермерлери экологиялык таза, айыл-чарба азыктарын тартуулайт. Азыктар ортомчуларсыз сатылат.


Жарманкеде азыктардын түрлөрү, жер жемиштер, эт, ун жана башка азыктар жеткиликтүү баада сатылат.


Айыл-чарба азыктарынын жарманкелери Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациялары тарабынан уюштурулуп, төмөнкү даректерде өткөрүлүүдө:


Октябрь районунда – Асанбай кичи району, Нуркамал жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилиши;
Ленин районунда – «Жал» кичи району жана Айни-Чапаева көчөлөрүнүн кесилиштери;
Свердлов районунда – Салиева – Ауэзов көчөлөрүнүн кесилиши;
Биринчи май районунда – Шопоков көчөсү Фрунзе жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн арасы.