Иш-чаранын башында Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана Кыргыз Республикасынын Билим министри Эльвира Сариева мугалимдерди куттуктады.


«Мугалимдин жумушу оор жана өтө жоопкерчиликтүү. Сиздер биздин келечегибиз болгон жаштарды даярдап, аларга татыктуу билим берип, келечекке салым кошуп жатасыздар. Сиздердин өсүп келе жаткан муундарды тарбиялоодогу эмгегиңиздер баа жеткис, өлкөнүн келечеги сиздердин ишиңиздерден көз каранды»,-деди калаа башчысы.


Министр Эльвира Сариева мугалимдердин зор эмгеги жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.


Мугалимдер күнүн майрамдоо «Балдарга жүрөгүмдү арнайм»  2015 сынагынын жеӊүүчүлөрүн сыйлоо менен уланды.


Сынак төмөнкү  номинацияда өттү: «Мыкты мугалим», «Мыкты жаш мугалим», «Эӊ мыкты класс жетекчи», «Мыкты тарбиячы».


Сынактын жыйынтыгы боюнча билим берүү уюмдарынын жеӊүүчүлөрү төмөнкү номинацияда сыйланышты: «Мыкты статустуу мектеп» «Мыкты жалпы билим берүүчү мектеп», «Мыкты мамлекеттик тил кабинети», «Мыкты окуу кабинети», «Мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы Мыкты мамлекеттик тил  кабинет».


Жеӊүүчүлөр  акчалай тастыктамалар жана натыйжалуу окуу процесси  үчүн керектүү техникалык комплектер менен сыйланды.


Сынактын жеӊүүчүлөрүн сыйлоо аземи концерттик программа менен жыйынтыкталды. Чакырылган мугалимдер үчүн бий, ыр номерлери жана музыкалык аспаптардын коштоосунда чыгармалар аткарылды.


Салтанаттуу иш-чарага Жергиликтүү  алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, педагогикалык эмгектин ардагерлери, жаш мугалимдер, билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана Билим берүү башкармалыгынын адистери катышты.