Жарманкеде кийизден, кебезден жасалган, жиптен токулган кийим-кече, үй тиричилик буюмдары, мөмө-жемиш жана башкалар сатылууда.


Иш-чарага Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын 50 дөй улуу муунунун өкүлү катышты.


Акциянын негизги максаты – улгайган адамдарга пенсиядан тышкары киреше табууга жардам берүү жана коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат.


Ошондой эле, сейил бактын айланасында шахматтык турнир, лотерея ойнотуу жана башкар майрамдык иш-чаралар өткөрүлүүдө.


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын премьер-министри Темир Сариев, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев катышып, жакындары жана кесиптештери  үчүн колго жасалган буюмдарды алышты.