Шаар өз ишин улантууда. Свердлов райондук акимиатынын жыйындар залында социалдык тармактар боюнча жетекчинин орун басары Асел Садыкованын пландуу жолугушуусу өткөрүлүп, ага райондук кызматтардын, МАБдардын, билим берүү уюмдарынын, ҮМБлардын, ошондой эле райондун ишканаларынын жана чарбалык субъектилеринин өкүлдөрү катышты.
Райондогу эпидемиологиялык кырдаалды, COVID-19 оорусун дарылоо иш-аракеттеринин алгоритмдерин талкууладык.
МАБдын имараттарынын бириндеги ҮМБ дарыгерлер тобуна ПЦР изилдөө үчүн мазок алууга бөлмө бөлүп берүү чечими кабыл алынды.
COVID-19 боюнча тесттерди Свердлов районунун Калкты тейлөө борборунун, Мамлекеттик салык кызматынын, Дордой Плаза соода комплексинин, Аламүдүн базарынын, мечиттердин жана чиркөөлөрдүн кызматкерлери тапшырышат.
Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясы ар дайым байланышта! Сиз күнү-түнү 1840 жана 1850 кыска номуру аркылуу колл-борборуна кайрылсаңыздар болот, ал эми көйгөйлөрдүн сүрөттөрүн 0554 182-185 номуруна жибериңиздер.
Свердлов районунун тургундары! Сураныч, райондун социалдык тармактарындагы аккаунттарына жазылыңыздар: https://www.facebook.com/SRABishkek
Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!