Шаардык мэрия шаар көчөлөрүндө күнү-түнү кайыр сурап, зомбулукка кабылган же жумушка аргасыз болгон балдарды издеп табуу үчүн жөө текшерүүлөрдү улантууда.
Биринчи май акимиаты РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында түнкү рейд өткөрүштү.
Борбор калаадагы Ала-Тоо аянтын, борбордук көчөлөрдү, интернет клубдарды жана башка мекемелерди текшерип чыктык. Тилекке каршы, кароосуз калган жети өспүрүм табылды.
Ар бир бала жана алардын ата-энелери, камкорчулары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын «Балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө» Мыйзамына ылайык, жай мезгилинде (01-июндан 31-августка чейин) балдар коомдук жайларда түнкүсүн (кечки саат 23:00дөн таңкы саат 6:00гө чейин, калган учурларда кечки саат 22:00дөн таңкы саат 6:00го чейин) чоңдорсуз болууга тыюу салынат.
Белгилей кетсек, рейддер балдар арасындагы укук бузууларды, кароосуз калууну алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.
Урматтуу ата-энелер! Сураныч, айрыкча түнкүсүн балдарды кароосуз калтырбаңыздар!
Бишкек - сүйүктүү коопсуз шаар!